Жайында эмес көңүлүм
Бир арманы бар өңдүү.
Кетилгенсийт өмүрүм
Суу кемирген жар өңдүү.
[Кайырма]
Келчи, келчи көңүлдө
Издер калсын унуткус.
Ансыз да биз өмүрдө
Учуп-конгон булутпуз.
Салып коюп тымызын,
Мени ушул абалга.
Бүтө электей жумушуң,
Түр кылганың жаман да.
[Кайырма]
Элек болуп экчелип,
Өткөн күнүм курусун.
А көрөкчө тез келип,
Таркат көңүл булутун.
[Кайырма]