Жарашыктуу жаштайын,
Жадырыган жаз сайын.
Жаш күнүмдөн тең өскөн,
Жакшынакай ак кайың.
Кайырма
Бутагыңа коноюн,
Кыштын жолун тороюн.
Жаштыгыңды менден ал,
Аккан сууң болоюн.
Тамашалуу жаштайын,
Тармалдаган жаз сайын.
Тай күнүмдөн тең өскөн,
Татынакай ак кайың.
Кайырма
Мен да өзгөрдүм сен көрдүң,
Мен да көрдүм өнгөнүн.
Жаштыгымды кайра бер,
Сурабайм андан бөлөгүн.
Кайырма.