Канымжан Жаманбаева — Түшүмө кирдиң түндө сен

Осы парақта Канымжан Жаманбаева — Түшүмө кирдиң түндө сен деген әнді MP3 ретінде тегін жүктеу немесе тындау болады. Auender.kz — жаңа қазақша әндер хит өлендер онлайн 2021
No Audio File Selected/Uploaded

Канымжан Жаманбаева — Түшүмө кирдиң түндө сен текст, сөздері, ән мәтіні

Жыпар жыт каптап,
Дүйнөнүн жибек жел эзген.
Жүрөгүм чакмак,
Жүлүндөн бери дүрт эткен.
Сел болуп аппак,
Нур болуп каптап,
Түшүмө кирдиң,
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Ак кайың бүрдөп,
Ажайып аалам тиктесем.
Толкуну түрмөк,
Айдың көл мына издесем.
Токтолбо жүр деп,
Толкунга мин деп,
Түшүмө кирдиң,
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Ак шумкар шаңшып,
Канатын күүлөп бийиктен.
Көңүлдү тартып,
Кайберен жүргөн бийик бел.
Көл болуп чалкып,
Жыт болуп аңкып,
Түшүмө кирдиң,
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Оставьте комментарий