Кубаныч Сатаев — Биз Бишкектен бакыт издедик

Осы парақта Кубаныч Сатаев — Биз Бишкектен бакыт издедик деген әнді MP3 ретінде тегін жүктеу немесе тындау болады. Auender.kz — жаңа қазақша әндер хит өлендер онлайн 2021
No Audio File Selected/Uploaded

Кубаныч Сатаев — Биз Бишкектен бакыт издедик текст, сөздері, ән мәтіні

Бишкегим – борбор калам,
Алтын уям – Бишкегим.
Сенде окуп, сенде жашап, иштедим,
Сенде окуп, сенде жашап.
Мезгил учуп жалындаган курактан,
Элес болуп калды сенде издерим.

[Кайырма]
Бирге өстүк, бирге ойнодук,
Жаштык кездин баркын бирок билбедик.
Табышмактуу келечекке,
Бирге кол сунуп,
Биз Бишкектен бакыт издедик.

Бакыт издеп алыс жакка барбадым,
Бакыт кушун бир өзүңдөн кармадым.
Канчалаган кооз шаарлар көрсөм да,
Теңдештирбей Бишкегимди тандадым.

[Кайырма]
Чогуу басып бульварында,
Чоң сүйүүдөн үмүттөрдү үзбөдүк.
Балдарындай эркелетип,
Баарын батырган,
Биз Бишкектен бакыт издедик.

Бирге өстүк, бирге ойнодук,
Кырчын кездин баркын бирок билбедик.
Табышмактуу келечекке,
Бирге кол сунуп,
Биз Бишкектен бакыт издедик.

Балдарындай эркелетип,
Баарын батырган,
Биз Бишкектен бакыт издедик.

Оставьте комментарий