Бир досум бар кыздарга такыр барбаган,
Билим десе күн-түнү окуп талбаган.
Ошол досум үйлөнүп тойго чакырды,
Капа болот эртелеп жетип барбасам.
[Кайырма]
Оштук досум үйлөнүп тоюна бардым,
Ашык болдум балдызынын көрүп чырайын.
Ал куркур да сүйлөбөй жанды кыйнады,
Эмне кылайын айтчы туугандар же ала качайын.
Күрүч-күрүч артына күрмөк суу ичтим,
Башы жакшы башталды буюрса иштин.
Тоодой көргөн досумдун сулуу балдызы,
Тоңуп калган жүрөктү кантип жибиттиң.
[Кайырма]
Оштук кыздар чынында сулуу келишет,
Кыйындыкты сабырдуулук менен жеңишет.
Бажа болсом досума бажырайган ээй,
Куп жарашып баарысы туура келишет.
[Кайырма]