[Кайырма]
Күтөмүн, күтөмүн, күтөмүн,
Күйүттөн күч алып түтөймүн.
Кечигип кетти го кабарың,
Алтыным, кай жерде жүрөсүң?
Алдың бекен арзып жазган катымды?
Сездиң бекен жүрөктөгү дартымды?
Кубанычтуу кабар күтөм өзүңдөн,
Бир күндө миң кайталаймын атыңды.
[Кайырма]
Мейли эми кат жазбагын, ашыгым,
Айбыгасың калп айтуудан ачыгын.
Анда, жаным, жолукканда экөөбүз,
Жылмайып кой башкалардан жашыруун.
[Кайырма]
Жолуң тоссом жолобостон качасың,
Ак жүзүңдү аягансып катасың.
Түтөй берип түгөнөйүн деп калдым,
Чын сырыңды деги качан ачасың?
[Кайырма]