Айланчыктап сени көргөн кезимден,
Ай-жылдызды карачумун көзүңдөн.
Ал ансайын ала качып карегиң,
Атаганат ошондогу көз ирмем.
[Кайырма]
Жылдар өтөт, жылдыз өчөт
Жаштык өтөт, жалын өчөт,
Жалгыз гана, сен өчпөйсүң сезимден.
Эгер эркем чыгарбасаң эсиңден,
Эреркегем эргүү алып өзүңдөн.
Элесимде элесиңе эркелеп,
Эми минтип эт жүрөгүм эзилген.
[Кайырма]
Болочоктун бак-таалайы сезилген,
Бото көзүм бой эргиткен сөзүңдөн.
Боздогонум билсе билер бир гана,
Ботосунан ажыраган боз инген