Кызыл өрүк төгүлгөндөй,
Кыздын чачы өрүлгөндөй.
Кыз жашырып ал ак сүйүүсүн,
Кыйгач карап көңүл бөлбөй.
[Кайырма]
Кызыл өрүк, кызыл өрүк,
Сүйүп калдым мен сени көрүп.
Кызыл өрүк, кызыл өрүк,
Койчу мага көңүл бөлүп.
Кызыл өрүк данегиндей,
Кара көздүн карегиндей.
Кагып кашың басып кеттиң,
Калтырбадың дарегиңди, эй.
[Кайырма]
Кызыл өрүк, азап болдуң,
Кызык сүйүү баштап койдуң.
Кыздын атын сурай албай,
Кызыл өрүк атап койдум.