Кыялым көккө калкып,
Көңүлүм сызат сага.
Учуруп санааларды,
Уктабай таң атканча.
[Кайырма]
Сагынып, сени сүйүп,
Жүрөгүм сен деп согот.
Күдөрүм үзүлбөстөн,
Жүдөдүм сени ойлоп.
Жалооруп эстеп сени,
Жалгыздык эзет мени.
Жалкытпай карааныңды,
Каратып койчу деги.
[Кайырма]
Сагынып бир өзүңдү,
Үзбөймүн үмүтүмдү.
Сен деги сездиң бекен,
Саргарган күйүтүмдү.
[Кайырма]